Назира Айтбековага сүйүүсүн арнаган мырза ким? Буга актрисанын жообу

Теле алып баруучу, актриса жана кыргыздын жөн эле эрке кызы Назира Айтбекова социалдык тармактагы жеке баракчасына сырдуу мырза ага сүйүүсүн арнап жатканын чагылдырган сүрөттөрдү жарыялады. Азыркы тапта Айтбекованын бул сүрөтүнүн алдына "ким болсо да бактылуу болуңуздар" деген өңдүү жылуу комментарийлер жазылууда. SUPER.KG порталы актриса менен байланышып, сырдуу мырзанын ким экенин сурады.

Каткыра күлгөн ал коомчулукту кызыктырган "түгөйү" тууралуу буларга токтолду.

"Бул сүрөт Кайрат Примбердиевдин ырынын клиби тартылып жаткан учурдан кадр, тагыраагы, "Бешбармак" фильминин саундтреги. Сүрөттү жеке баракчама "ажыкыстанып" коюп койсом, элдин баары бакыт каалап сүйүнтүп жатышат. Кубанычтамын, тилектер аткарылып кетсин", - деди Айтбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurik73
2021-01-08 09:43:47
Назира Айтбекованы мен да суйом. андай тоок суйуулор боло берет. ещо коп эле ырчыларды суйом.
0
munduz2016
2021-01-08 09:49:05
Ажыкыс
+1
Tursunbaev1978
2021-01-08 12:53:11
Өткөндө дагы бирөө ушул шылтоону айткан эле,клиптен кадр деп,обу жоктор
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан