
Казакстандын белгилүү ырчыларынын бири Төрегали Төреалинин канжалаган жапайы жандык менен түшкөн сүрөтү сынга кабылды. Коңшу өлкөнүн Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги артисттин сүрөттү жарыялоосун туура эмес деп баалады.
Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, ырчы мергенчилик кылып, анда өлтүрүлгөн жапайы жандык менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына өзү жарыялаган. Окурмандар арасында сүрөттө бөлтүрүк, түлкү же чөө деген талаш жаралып, артисттин бул жоругун сынга алышкан.

"Чуу жараткан сүрөттөн кийин Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Төрегали Төреали жапайы жандыктарга карата аёосуз мамилени пропагандалап жатат деп баалаган. Ошондой эле аталган министрлик чөөлөр жөнгө салууга муктаж жандыктардын катарына киргендиктен, жыл сайын алардын санын көзөмөлдөп туруу керектигин, уруксат кагазы болсо бул жандыктарга мергенчилик кылууга тыюу жок экенин кошумчалаган.
Ал эми Төреали Төрегали чөөнү эч ким атпаганын, аны ууга чыккан иттер кармаганын билдирген. Кийинчерээк, бул иш полиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Айрым интернет колдонуучулар ырчыны мыкаачылык кылууга айыпташкан.
⠀
⠀