Аваз Акимов менен Айдана Дека күйөрмандарына сынак жарыялады. Жеңүүчү кош жылдыздардын кызынын туулган күндүк кечесине чакыруу алат

Кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Дека Жаңы жылды жакшы кабар менен баштап, кызына арнап чыгарма жаздырышты. Түгөйлөр чыгарманы күйөрмандарына тартуулап, Инстаграм баракчасы аркылуу чакан сынак жарыялашты. Сынактын жеңүүчүсү Аваз менен Айдананын кызы Ариананын туулган күндүк кечесине чакыруу алат.

Түгөйлөр кызынын туулган күнүн тар чөйрөдө белгилей турганын айтышты. Ал эми Айдана Дека ыр тууралуу буларга токтолду.

"Чыгарманы өзүм жеке аткарып чыкмакмын. Ырдын саптары менен таанышкандан кийин жолдошум экөөбүз аткаралы дедик. Ырга клип дагы тарттырдык. Клипти 16-январда кызыбыздын туулган күнүндө көрсөтөлү деп турабыз.

Ырды жаздырып жатканда "чын эле балама арнап ырдап жатамбы, ушундай деңгээлге жетип калдымбы" деп таң калдым. Ыр бакыттын көз жашынан жазылды десем болот", - дейт Айдана.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан