Белгилүү казакстандык актёр Тауекел Муслим менен жубайы Махаббат Туктубаева ата-эне болушту. Актёрду жакындары куттуктап, наристеге өмүр тилеп жатышат.
Тауекел Муслим социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бардык куттуктоолорду кабыл алып, жооп берүүдө. Маалым болгондой, түгөйлөр бүгүн, 8-январда уулдуу болушту. Азырынча ымыркайга ысым ыйгарыла элек.
Түгөйлөр 2019-жылы ноябрь айында баш кошушкан. Алар дүңгүрөтүп үлпөт той өткөрбөстөн никесин каттоодон өткөрүшүп, жакындары менен белгилешкен.