Борборубузду каптаган кара түтүн көпчүлүктүн көңүл борборунан алган көйгөй бойдон калууда. Мындай көйгөйдөн быйыл кутула албастыгыбызды шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев дагы айтып чыккан. Эмнеси болсо да быйыл ыш "жамынып" жашоого мажбур экенбиз деген ойдо калдык. Мындай аба ырайынан бир аз болсо да алыстап, таза абада эс алып келүү үчүн шаардыктардын көпчүлүгү тоого чыгып жаткан чагы.
SUPER.KG порталы ыштан "качып" тоо коюнуна сапар тарткан белгилүүлөрдү тизмектеп көрдү.
"Тамашоучу" Эрмек Таалайбеков жубайы Бекзада Жолборсова менен Караколдогу лыжа тебүү базасында жүргөн сүрөтүн жарыялашты.

Ага удаа эле Кундуз Канатбек кызы дагы кыштын кереметине көрк кошуп, жашыл карагайлар курчалган ажайып кооз жаратылышта түшкөн сүрөтүн күйөрмандары менен бөлүштү.

Ырчы Гүлжигит Калыков өмүрлүк жары Айпери менен тоого чыгып эс алып жаткандагы сүрөтүн жарыялады.

Ырчы Гүлзинат Суранчиева ак кар жамынган тоо коюнунда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова лыжа тебүү базасында.

Актёр, "тамашоучу" Самат Эркинбеков дагы тоо башында лыжа тээп жүргөн сүрөтү менен бөлүштү.

Алпаруучу Айзада Жамгырчиева шаар четиндеги лыжа тебүү жайларынын биринде.

Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова асман тиреген тоо коюнунда.

Эске салсак, жогорудагылар жакынкы убакта тоого чыгып эс алып келген белгилүү инсандар болду, мындан башка дагы белгилүүлөр убактысына жараша тоого чыгып эс алып жатканын кошумчалай кетели.