Бишкек шаарында жашы жете элек балага сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоого шектелип, окутуучу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январь күнү Октябрь РИИБине С.Ж. аттуу аял киши кайрылган. Анда ал 15 жаштагы уулуна ыплас аракеттерди жасаган жаранга чара көрүүнү суранган.
"Шектүү 1984-жылы туулган Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалим болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде шектүүнүн ыплас аракеттери жазылып калган видео материалдары табылган. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынды", -деп жазылат маалыматта.