250 миң доллар талап кылганга шектелген жарандык активисттерди кармаган видео жарыяланды

250 миң доллар талап кылганга шектелген жарандык активисттерди кармаган видео жарыяланды

Буга чейин УКМК "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист камакка алынганы боюнча маалымат тараткан.

Маалыматка ылайык, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу Кыргыз жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Бул жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев экени айтылууда.

250 миң доллар талап кылганга шектелген жарандык активисттерди кармаган видео жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Janyl98
2021-01-09 17:04:23
Садырдын тегерегинде жургондордун баары бывший кылмышкерлер
-6
ruslanz
2021-01-09 18:27:26
Janyl98,Жанында кимдер гана жургон жок, эгер озу дагы ошолордой болсо кармамак эмес.
+6
alym21
2021-01-09 17:08:57
Прям МВДнын жанынан кармаптырсынар да э
+6
KGZ-RUS
2021-01-09 17:28:46
Спектакль экинчи болугу
-1
Scorpion_09
2021-01-09 17:46:32
KGZ-RUS,шакал
0
Shabi
2021-01-09 17:35:15
Активист деп,активисттердин атын жамынган бул шумпайлар,анча мынча депутаттарга караганда шумдук жашашат го.
+13
Nurik1988
2021-01-09 17:39:33
Озу бизге эчтеке жакпайт экенда, кармаса спектакль десек. Кармабаса иштебей атат дейт экенбиз
+13
Aibek_eka
2021-01-09 17:46:16
Садырдын шакалдары активис эмес булар
-6
ruslanz
2021-01-09 18:24:31
Жапаровдун жанынан чыкпай журду эле, корсо ниети жаман турбайбы.Учурдан пайдаланып байып атканын.
+9
nargiz-sa
2021-01-09 18:34:30
Кыргыз кылмышкерлерине ынсап берип калыптыр да прям ошол мекемелердин жанына келип спелтакль коюп берип жатышат
+1
max-bek
2021-01-09 18:55:32
Аспеков начар адам болчу.Жапаровдун жанынан чыкпай жургондо ичим чыкпады эле. Жапаровдун атын жамынып бандиттик ишин баштаган экен да. Трайбалист адам узака барбайт деген ушу да.
+8
KaGaH
2021-01-09 20:22:50
Мен да активист болом эми,шикарный квартирада жашап Лексус айдагым келип атат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан