Түркиялык актриса Мерьем Узерли экинчи ирет эне болду. Бул туурасында ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, актриса 8-январда көз жарып, Лили деген ысым ыйгарган. Лили Мерьем Узерлинин экинчи наристеси, мындан сырткары актрисанын Лара аттуу 6 жаштагы кызы бар.
Буга чейин Мерьем Узерли кош бойлуулугунун акыркы жумасындагы сүрөттөрүн жарыялап, коомчулуктун талкуусун жараткан болчу.