Өлкөдө бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Анда маданият, шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы жарандык милдетин аткарып өздөрү катталган шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат. Айрымдары жүйөөлүү себептерден улам шайлоого катыша алышкан эмес. SUPER.KG порталы өз добушун бере албай калган өнөр адамдарын тизмектеп көрдү.
Ырчы түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дека каттолору Өзгөн районунда жана Ысык-Көл облусунда болуп, ал эми өздөрү Бишкек шаарда болгондуктан, шайлоого катышкан жок. "Жакындарыбыздын тандоосу биздин да тандообуз" деп билдиришти ырчылар.
Ырчы Джонни учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында лыжа тээп жубайы менен эс алып жүрөт. "Эс алуу сонун өтүп жатат, тоо башында жүргөнүбүзгө байланыштуу бүгүн шайлоого катыша алган жокбуз" деди ырчы.
Учурда АКШда жашап, чыгармачылыгын улантып келе жаткан ырчы Эрлан Андашев менен да кабарлашып көрдүк. Ал учурда жумушта жүргөнүнө байланыштуу шайлоого катыша албаганын айтты. "Эгер мүмкүнчүлүк болсо, өлкө келечегине кайдыгер карабастан өз добушун ар бир жаран берсин" деген оюн айтат.
"Өлкөбүздүн келечеги чечилип жаткан ар бир шайлоого катышып келем, бирок бүгүн катыша албай калдым. Себеби сыркоолоп турам", - деди Айпери Кубик кызы.