"Президенттерди болушунча жамандадык". Океандын ары жагында жүргөн Мирбек Атабеков шайлоо тууралуу пикирин айтып чыкты


Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участкалары саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.

Учурда АКШда үй-бүлөсү менен жүргөн ырчы Мирбек Атабеков шайлоо тууралуу өзүнүн пикирин айтып чыкты.

"Эл кандай болсо башкаруучусу да ошондой болот! Президенттерди болушунча баарыбыз жамандадык, нааразы болдук. Бирок ошолорго добуш берип, президент кылган өзүбүз. Демек, өзүбүздө да күнөө бар. Бул ирет деле үгүт иштерине ким көп каражат сарптаса ошол өтөт болуш керек, тилекке каршы.

Садыр Жапаровду мактагандан, бир нерсе дегенден алысмын. Баарыбыз өлкөнүн өнүгүүсүн каалайбыз. Эгер үмүттөрүбүздү актаса мен кубанычта гана болом. "Кандай болсоңор ошондой башкарыласыңар же өзүңөргө жараша башчы келет" деген сөз бар. Ылайым өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, өзгөлөргө үлгү болуп, бийиктерге чыгалы. Баарын убакыт, мезгил, тарых таразалайт", - деп айтылат ырчынын билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurikkg90
2021-01-10 16:38:02
Атабеков сен жон эле койчу сураныч сенден
+9
Kuban-1207
2021-01-10 16:41:37
Ырыңды ырдап эле жүрө берчи
+9
Nurik1988
2021-01-10 16:55:20
Жон эле жур тойлордо ырдап
+4
bekbol2006
2021-01-10 17:05:42
Жоон эле ырыны ырдачы башын жетпеген нерсене мудуну тыкпай
+7
Mister-XXX
2021-01-10 17:09:45
Эл кандай болсо,башчы ошондой болот-дегенге кошулбайм.Элди жакшы жакка ээрчиткен башчылар болот.Элди байытып,билимин өстүрүп,өлкөнү туруктуулукка алып келген башчынын колунда.
+6
uli1234
2021-01-10 17:47:37
Митингте коргоздунго озуну жон эле журчу сен
+5
supish2017
2021-01-10 18:45:07
Бул трайбалисттик өзү жоопко тартыш керек.
Митингде "оштуктарды бийликке жолотпош керек" деген сөзү үчүн жооп берсин
+2
gafurova01
2021-01-10 19:00:10
"Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста" дегени ушул болсо керек. Канча жылдан бери элдин сүймөнчүгү болуп жүрдүң эле, бир ойлонбой кылган ишиң үчүн эми элдин назарынан калып жатасың
+4
Ozgocho111
2021-01-10 21:22:44
Сен суйлобочу, маданият тармагында Мирбек, Курал, Кайрат деген ысымдар очту...келбей эле кой так что
+1
roksalana
2021-01-11 03:41:05
Эмне чын чычалайт болуп атасынар!Туура,башка эмне Демин?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан