
Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан тез татымдан чыккан өрттөн 1 аял киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрт саат 15:42де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болгон. Учурда маркумдун өздүгү такталууда. Кошумча маалымат берилет.