Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков буга чейин иш-чарада президенттикке талапкер Садыр Жапаровду туураган видеосун жарыялаган. Тамашалуу видео интернетке тарагандан кийин талапкердин тарапташтары асылып жатканын актёр айтып чыккан.
Бүгүн, 10-январда Самат мырза Садыр Жапаровдун жардамчылары жана тарапташтары менен жолукту. Бул тууралуу өзү билдирип чыкты.
Жогорудагы билдирүүдөн кийин Самат Эркинбеков жаңы тамашасын интернетке жарыялады. Анда актёрго байке деп кайрылган жигитке Самат мырза "ава дечи" дегенин көрүүгө болот.