Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участкалары саналуу мүнөттөрдөн кийин эшигин жабат.
Добуш берүү токтотуларына 1 сааттай убакыт калганда ырчы Анжелика шайлоо тилкесине барып, өз тандоосун жасады. Белгилүү болгондой, ырчы президенттик башкаруу формасын тандады.
Буга чейин шайлоого катышып, пикирлерин билдирген шоу-бизнестин өкүлдөрүн тизмектегенбиз.