Бүгүн, 4-октябрь күнү саат 04:20 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылындагы каналга Дэу Тико унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып түшүп кетти. Окуя болгон жерге Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, унааны каналдан чыгарышты. Кырсыктан оор жаракат алгандар болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.