Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда балык уулоого чыккан 37 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө. ӨКМнын маалыматына ылайык, аталган райондун Жеңиш айылынын тургуну 10-январдан бери изделүүдө.
"Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 11-январь күнү издөө иштери улантылат", - дешти министрликтен.