Кечээ, 10-январда Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үй ээси иске ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ууланган жарандын учурдагы абалы туруктуу.
"Октябрь районунун 8-кичи районундагы көп кабаттуу №11 үйдүн 90-батиринде 8 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси иске ууланып, "Тез жардам" кызматына кайрылган. Абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат мекеменин маалыматында.