"Ичимдик ичип мушташа кетишкен". Токмок шаарында үч кишини өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

Токмок шаарында үч кишини өлтүрүүгө шектүүлөр изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү Токмок ШИИБине Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин кожоюнун бирөөлөр сабап салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барганда окуя болгон жерден үч эркек киши денесинен ар түрдүү жаракат алган абалда табылган. Ошондой эле "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бирок жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болгон, ал эми эки киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, ал жерден арактын бөтөлкөсүнүн сыныктары жана башка далил буюмдар табылган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "Киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын экөөсүнүн аты-жөнү такталып, алардын бири үй ээси 39 жаштагы Э.Т., ал эми экинчиси болсо 32 жаштагы Д.А. аттуу жаран болгон. Үчүнчү жарандын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, изи сууй электе 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр каза болгон жарандар менен бирге ичимдик ичишип, ортодогу чыккан пикир-келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында үч жарандын денесине оор жаракат келтиришип, окуя болгон жерден экөө из жашырып кетишкен", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-01-11 11:19:09
Арак тубунорго жетиптир да акыры
+1
Almazhhhh
2021-01-11 11:19:40
Бир ише арак бешоондун тубуно жеткен экен!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан