Борбор калаанын патрулдук кызматы УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январь күнү Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде саат 14:55 чамасында мамлекеттик номерлери жок Тойота Камри унаасы токтотулган. Унаанын арткы орундугунда отурган Б.А. аттуу жаран өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн.
"Б.А. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө иштери уланууда. Номери жок унаа айып аянтчасына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.