Футбол: Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт

2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул беттеш улуттук курама команда үчүн коронавируска байланыштуу тыныгуудан кийинки алгачкы оюн болот.

Беттеш 30 миң көрүүчү бата турган "Mandalar Thir" стадионунда өтөт жана оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө (Бишкек убактысы менен 17:30) башталат.

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан