Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы коррупция фактысы боюнча 7-январда Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич кылмышка шектүү катары кармалган.
"9-январда Эрмек Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 миллион 500 миң сом суммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Эрмек Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндө жаза чарасын колдонду. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагы аткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тартты. Аталган коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардык суммасы Финансы полициясы тарабынан кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери аяктоо алдында тураарын маалымдашты.