Ош шаарында жаңы жыл күнү чогуу ичимдик ичип отурган жарандар уруша кетип, бири каза болду

Ош шаарында жаңы жыл күнү чогуу ичимдик ичип отурган жарандар уруша кетип, бири каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынан шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 48 жаштагы И.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары З.Р. аттуу жаран кармалып, тергөөгө камсыз болгон. Ал алгачкы суракта шектүү экөө ичимдик ичип отуруп уруша кетип, бети-башына бир нече жолу уруп, ал жыгылып калганда үйүнө кетип калганын билдирген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан