Чүйдө өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январь күнү аймактык ооруканадан Москва РИИБине 28 жаштагы Л.И. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшкөндүгү жөнүндө билдирүү келген. Чүй облусунун басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам-тергөө тобу бул факты боюнча дароо чыгып кетишкен, ал эми факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери белгисиз адамдар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, жабырлануучуну уурдап, денесине залал келтирип, андан 100 миң сом талап кылып жаткандыгын аныкташкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Москва районунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Шектүүгө жабырлануучу Беловодское айылында 10 миң сом которуу учурунда кармалган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон А.Т. аттуу жаран болгон. Мындан тышкары, шектүүнү жеке текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар зат табылган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.