Эң улуусу 90, эң кичүүсү 15 жашта. Чүйдө батирлердин биринен өрт чыгып, 4 адам иске ууланды

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы батирлердин биринен өрт чыгып, 4 адам иске ууланды. Алар райондук ооруканада жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, аталган шаардагы Жаңы Конуш тилкесиндеги батирлердин биринде өрт чыгып, бөлмөнүн 10 чарчы метр аянты күйгөн.

"Өрттүн кесепетинен 2 эркек (1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган), 2 кыз (2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары 8 адам эвакуацияланды. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан