Бишкекте МАИчини уруп, анын погонун жулуп алган жаран кармалды. Айта кетсек, 3-октябрда саат 16:30дар чамасында Жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан үйлөнүү тоюндагы унаа кортежине жол ачып берүү үчүн башка көчөнү тосуп токтогон БМВ Х 5 унаасы кармалат. БМВдан 23 жаштагы А.Б. аттуу жүргүнчү түшүп, Жол-кайгуул кызматкерлерин тепкилеп, кызматтык формасындагы погонун жулуп салган. Кылмышка шектүү Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунун студенти экени белгилүү болду. Ага карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми автоунаасы айып аянтчага коюлуп, унаанын айдоочусу Д.М. аттуу жаранга административдик протокол түзүлдү.