Таласта Социалдык фонддун жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Социалдык фонддун облустагы башкармалыгынын жетекчиси Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган "пара берүү" беренесинин негизинде 11-январда кармалды.