Өзгөндө жеке клиникадан өрт чыгып, 74 жаштагы жаран 2-даражадагы күйүк алды

Ош облусунун Өзгөн районунда менчик клиникадан өрт чыгып, 1 адам күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт 12-январда чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 18:09да 1 бөлүм, саат 18:25те 1 бөлүм, саат 18:43тө кошумча 1 бөлүм тартылган. Клиниканын имаратынан чыккан өрт саат 19:02де чектөөгө алынып, саат 21:42де толук өчүрүлгөн.
"Өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылды. Бейтаптын абалы туруктуу. Мындан сырткары өрт чыккан жерден 13 адам эвакуацияланды", - дешти мекемеден.
Өрттүн кесепетинен имараттын 150 чарчы метр чатыры жана 151 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан