Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы талаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-январда аталган жарандын аты-жөнү такталды.
"Ал 50 жаштагы Тажикстандын жараны экендиги белгилүү болду. Ал Ошто ар түрдүү жумуштарда жалданып иштеп, тиричилик кылып жүргөн. Анын жанында эч кандай документ, паспорттору болгон эмес", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.
Белгилей кетсек, буга чейин 10-январда болжол менен саат 18:50 чамасында кебетеси азиялык болгон 40-45 жаштардагы жарандын жансыз денеси табылып, маркумдун аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери жардам сураган.