Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда эки милиция кызматкерин атып кеткен шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 01:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБинин милиция кызматкери С.Б. Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө токтоп турган өзүнө таандык болгон Нива үлгүсүндөгү автоунаасында отурган учурда ага бейтааныш жаран кол салып унаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган. Милиция кызматкеринин эки далысынын ортосуна 7-8 чачма ок тийген.
"Окуя болгон жерге тергөө тобу барганда Кара-Кулжа РИИБинин тергөөчүсү Д.К. унаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз жаран ок атуучу курал менен бир жолу эки далысына атып жиберген, ошол учурда Д.К жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал атуулду көздөй бир жолу ок чыгарган. Ошол кезде ал окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Натыйжада Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери Д.К. жана Б.С. денесинен жаракат алышып, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилди. Аталган окуя боюнча Кара-Кулжа районунда атайын операция киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлду", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.
Учурда тергөө амалдары жана шектүү жаранды аныктап, кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.