Жалал-Абадда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Милиция аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

2020-жылдын 8-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан “Достук” мончосуна жакын жердеги кирпичтен салынган тосмонун жанында 45-55 жаштагы кебетеси азиялык болгон аты-жөнү белгисиз адамдын денесинде жаракаты жок, өз ажалы менен каза болгон жансыз денеси табылган. Жалал-Абад ОИИБи табылган адамдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.

Табылган жансыз дененин белгилери: Бою 160-165 см. Чачы, көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, сакал, муруту өскөн.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү күрмө, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.

"Жогорудагылардын негизинде аты-жөнү аныкталбаган адам тууралуу кандайдыр бир маалыматтар жана аны тааныгандар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Байланыш үчүн телефондор: (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bekalife
2021-01-13 13:23:38
Башы кыйшайып калганбы
0
bekalife
2021-01-13 13:25:18
Байкуш бул да бироонун баласы бироонун атасыдыр
+1
bond0202
2021-01-13 21:08:49
кыргызга окшобойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан