"Маркум 20 жашта болгон". Чүйдө киши өлтүргөнгө шектүү кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда эркек кишинин өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү болжол менен саат 09:50 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Бул маалыматтын негизинде Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Табылган жансыз денеге жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында денеси тоңгон, баш сөөгүндө жаракаты, көкүрөк жагында күйүк белгилери байкалган. Өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалган, бирок жыйынтыгы даяр боло элек.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси "Киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталып, ал Х.С. аттуу 20 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 33 жаштагы Б.С. аттуу Сокулук районунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан