12-январда Ош облусунун Өзгөн районунда менчик клиникадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылды. Бейтаптын абалы туруктуу. Мындан сырткары өрт чыккан жерден 13 адам эвакуацияланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.