Ошто жеке клиникадан чыккан өрт: Куткарылган 13 адамдын бири медайым, калганы бейтап экени белгилүү болду

12-январда Ош облусунун Өзгөн районунда менчик клиникадан өрт чыккан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылды. Бейтаптын абалы туруктуу. Мындан сырткары өрт чыккан жерден 13 адам эвакуацияланды.

"Куткарылган 13 жарандын бирөө медайым, калганы бейтаптар", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан