Бишкекте эки адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Шектүү бирөөнү бычактаса, бирөөнү өлтүрүп өрттөп жиберген (видео)

Бишкек шаарынын криминалдык милиция кызматы эки адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү саат 17:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1974-жылы туулган К.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге бир канча ирет бычак сайылган жана күч колдонуу белгилери болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам кызматкерлер тергөө ишин баштаган. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде шектүү катары Ш.И. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгон.

Кармалган шектүү өз көрсөтмөсүндө 29-январь күнү кечинде көп кабаттуу үйдүн батирине кирип, акча алуу максатында жабырлануучунун көкүрөгүнө бир нече жолу бычак сайган. Андан кийин жабырлануучунун банктык карточкасын алып, кийин ашкана бычагын ошол жактагы бадалга ыргытып жиберген. Мындан тышкары, тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган Ш.И. мурда дагы адам өлтүргөндүгүн моюнуна алган.

Тактап айтканда 1953-жылы туулган Чүй облусунун Сокулук айылында жашаган аял 2020-жылдын 25-октябрынан бери дайынсыз болуп келген. Шектүү Ш.И. 2020-жылдын октябрь айынын аягында, акча алуу максатында, Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жеке менчик үйдө жашаган аялдын баш жагына жыгач устун менен бир нече жолу уруп, ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Андан кийин анын сөөгүн Белогорка айылынын жогору жагындагы тоолорго алып барып, сөөктү өрттөп жиберген.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Бишкекте адам өлтүрүү фактысы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur-sultan
2021-01-13 22:23:33
Адам өлтүрүп оор кылмыш менен камалган адамдарды мөөнөтү бүткөн соң эгер кааласа түрмөдө жата бере турган мыйзам киргизиши керек. Көп жыл абакта жаткан адам эркиндикте жашаган коомго аралаша албай, кайра түрмөгө отуруш үчүн оор кылмыштарды атайын жасашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан