Бишкекте май куючу жайды тоноого аракет кылган жаран кармалды

Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-январда саат 05:00 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына Элебесов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайда белгисиз адам айнек сындырып, тоноочулук уюштуруп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ага ылайык ИИМдин жакынкы экипажы жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жетип барышкан.

"Окуя болгон жерге келгенде кебетеси азият болгон белгисиз адам бейбаштык ниет менен май куюучу жайда тоноочулук уюштурган. Ал полиция кызматкерлери тарабынан кылмыш болгон жерде кармалып, өздүгү аныкталды. Ал 1993-жылы туулган М.Р. аттуу жаран болуп чыкты. Кармалган шектүү медициналык текшерүүдөн кийин мас абалында экендиги тастыкталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан