Мындан эки жыл мурда ырчы Дайыр Исмадияровдун унаасы уурдалганы кабарланган. Анда унааны уурдаган жаран жол кырсыгына кабылганы, кийинчерээк кармалганы белгилүү болгон.
Бул иштин кандай бүткөнүн билүү үчүн ырчы мырзага байланышканыбызда буларга токтолду.
"Шектүү камалбаптыр, аны бошотуп койгон дешет. Мага деле бир тыйын берген жок. Баарын Кудайга койдум", - дейт ал.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2019-жылы 29-апрелде таңкы саат 4:00дө Бишкектеги "Империя-Пиццы" жайында болгон. Анда белгисиз адамдар ырчынын күрмөсүн уурдап кетишкен. Күрмөнүн чөнтөгүндө акча жана автоунаанын ачкычы болгон. Алар Дайыр Исмадияровдун унаасын айдап качышкан.
Ал эми ырчы унааны үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Көп өтпөй эле уурдаган адам жол кырсыгына кабылганын, 10 миң долларлык унаасы жарактан чыкканын билдирген.
Аталган факты боюнча иш Свердлов РИИБи тарабынан көзөмөлгө алынган.