Чүй ОИИББи: "Жөө адамды сүзүп алган айдоочу ал каза болгондон кийин из жашырып барып, унаасын да катып койгон"

Чүйдө жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү саат 20:00 чамасында жеңил унаа батыштан чыгышка карай бара жатып, Беловодск айылында жол кырсыгына кабылган. Анда 35-40 жаштардагы жаранды айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу оор жаракаттардын негизинде кырсык болгон жерде көз жумган.

Бул жол кырсыгы боюнча маалымат келип түшүп, ыкчам топ чыгып Форд-Транзит унаасын аныкташкан. Аны 1987-жылы туулган Петровка айылынын тургуну башкарган. Ал кырсыктан кийин унаасын сарайга катып койгон. Учурда айдоочу кармалып, Москва РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан