Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.
13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Жокко чыгарылган наамдар боюнча каршы пикирлерин билдиргендердин аягы суюла элек. Шоумен Урмат Борченов зордукчул, зөөкүр, паракорлор жүргөнүн, ал ортодо ырчылардан кечирим суратып, наамдарынан ажыратып эмне таптык дейт.
"Маданият адамы саясатка аралашпаш керек, жарандык позициясын айтпаш керек, дагы кандай чектөөлөр бар? Маданият адамы биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, милдети бар. Таарынганбыз кимге? Алдырабыз жинге. Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты. Ооба, кылыптыр алар былыкты. Бирок жазалоо биздин колдо эмес. Мыйзам бузса сот, күнөө кылса Кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы өз эрки. Досторумду жактабайм, иш-аракеттерин актабайм. Бирок Кайрат менен Курал кыргыздын чыныгы азаматтары. Аларга муктажбыз, алардын пайдасы чоң. Айкөл элим, табалаба, таяп кой, кечирип кой", - дейт ал.
Бийчи Атай Өмүрзаков бийликтин кылганына сын айтты.
"Ким эмне кааласа ошону алып чыгат. Туура же туура эмес деп баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наамды берип, анан алып койгон негизсиз. Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү билишет, ал үчүн кечирим сурап, долбоорду жабышты. Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоев таланттуу адамдар жана андайлар саналуу гана. Ушундай кырдаалдан улам алар өлкөбүздөн чыгып кетет деп корком", - деген пикирин калтырды.
Ал эми ырчы Чолпон Талипбек чуулгандуу программаны көрүү ар кимдин өз эрки дейт.
"Ютуб көз карандысыз талаа. Бул окуянын айланасында болуп жаткан ызы-чууну түшүнбөйм. Программаны көрүү же көрбөй коюу адамдын өз эрки. Долбоорду мамлекеттик каналдарда көрсөтүлгөн жок, интернеттен издеп көргүлө деп кыйнаган жок. Болгону менин кесиптештеримдин кадыр-баркына гана таасири тийди. Ал эми интернетте контент түзүү ар кимдин каалоосу жана укугу. Мен бул долбоорду колдобойм. Мен цензурага, диктатурага каршымын. Менимче, биздин өлкөдө чечүүгө зарыл болгон реалдуу эле маселелер бар".
Министрликтин наамдар тууралуу кабыл алган чечимин колдогондор да жок эмес. Алардын катарында коомдук активист Кубанычбек Баялиев, акын Бердибек Жамгырчиев бар.