Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.
Ал эми чогулушта Самара Каримова сотко же эч бир тууганына таянбаганын айтып, баары мыйзам чегинде болгонун билдирди.
Аталган музыкалык окуу жайдын учурдагы директору Нурлан Каримов креслого жармашкан адам эмес экенин билдирип, кызматын тапшырып берерин айтты.
"Бизде жалпысынан 93 кызматкер бар, анын 53ү мугалимдер, ал эми студенттердин саны 220 болот. Жаңы жетекчи боюнча айта турган болсом, бүгүн келишип, буйрукту алып келип мага көрсөтүштү. Анда 15-январдан баштап Самара Каримова иштеп баштаары тууралуу жазылган экен, мен аны менен тааныштым. Мен бул жерде 2 жыл 3 айдан бери иштеп келем. Буга чейин окуу жай күйүп кетип, ошонун негизинде келип иштеп баштагам. Мен кызмакерлерге мыйзам чегинде иш алып барарымды түшүндүрүп, эч жакка чыкпагыла деп билдиргем. Мен кызматымды тапшырып берем жана эч кимге арызданбайм. Негативди жаман көрөм, креслого жармашпайм. Кечээ, министрликке барып сүйлөшкөндө да айткам, жөнөкөй кызматкер болсом да иштей берем. Маданият тармагында 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келем, эч кимден эч нерсе талашпайм", - деп билдирди учурдагы директор.