Ошто башка мамлекеттен келип ири каракчылык кылышкан кылмыштуу топ кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы коӊшу мамлекеттен келип ири каракчылыкка барышкан шектүү топтун бардык мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы өткөн жумада Ош шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында ири каракчылык менен алектенген төрт адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Алар Ош шаарында 4 жолу ири каракчылык жасашкан. Шектүүлөр шаардагы дүкөндөн 500 миӊ сомдон ашуун электроникалык буюмдарды, телефондорду уурдап кетишкен. Алар Өзбек Республикасынын жарандары болуп чыгышкан. Аларды кармоо учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанча, бычактар алынган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы атайын жүргүзгөн операциянын негизинде Өзбекстан Республикасынын жараны 2002-жылы туулган А.Ф. кармалган. Шектүү Ош шаарына Өзбекстандан бир топ жылдардан бери каттап, башка шериктерине караганда шаарды жакшы өздөштүрүп калган. Ал дагы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almaz-Diamond
2021-01-14 17:45:10
Оштун озунун бандиттери жок бекен
+3
Asmat84
2021-01-14 17:56:45
Ушуга окшогон чет элден келип кылмыш кылгандарды көзөмөлдөөчү жигиттерибиздин колу тийип тие электе аларды колдогондор чыгат улутчул кылмыштуу топтун мүчөсү дешип
+1
gulam
2021-01-14 18:05:38
Чет элден келеби, озубуздон болобу баары бир булар уурулар, ким болсо дагы жазалап жок кылыш керек, алга Ташиев.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан