Украинада эки бала өгөй атасынын токмогунан каза болду

Украинанын Тячев шаарында эркек киши жарандык никеде жашап жүргөн аялынын кичинекей эки баласын өлтүрүп салды. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Тячев шаарындагы соода борборлордун биринде болгон. Анда 30 жаштагы эркек киши мас абалда 35 жаштагы жарандык никедеги аялы менен урушуп кеткен. Андан соң ал аялды эки баласы менен катуу уруп салган. 35 жаштагы аял оор абалда ооруканага жеткирилип, балдары алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Укук коргоо органдары 30 жаштагы эркек кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-01-15 03:09:51
Айбан, атып салыш керек экен өзүн.
+4
Tolik555
2021-01-15 08:02:44
Буга окшогондорду бычып,омур бою эркинен ажыратып,олуп калганча эн зыяндуу жумуштарга иштетиш керек.
+3
zam81
2021-01-15 10:14:57
Эмне кылыш керек ажрашпаш керек баарибир биринчиндей болбойт
0
ROUSE
2021-01-17 02:58:19
:(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан