ИИМдин криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салган резонанстуу кылмыш ишинин бетин ачышты.
2021-жылдын 1-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Бишкекте белгисиз адамдар каракчылык менен кол салышкан. Алар кыздар жашаган батирге кирип келишип, физикалык күч колдонуп, коркутушуп, акча каражатын, баалуу буюмдарын талап кылышып, эки уюлдук телефондорун тартып алышкан.
Тоноп алынган буюмдар аларга аз көрүнүп, жабырлануучунун банктык карточкасын дагы тартып алышкан. Андан соң банктык карточканын ПИН-кодун билишкен соң жакынкы банкоматтан акча каражатын алууну көздөп жөнөгөн. Ал эми экинчиси кыздарды камап отурган. Картадагы бардык акча каражатын алышкан соң шектүүлөр кетип калышкан.
Жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан. Каракчылык менен кол салуудан жабырлануучуларга 93 миңге жакын материалдык чыгым келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы учурда Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.
Ушул жылдын 5-январында ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тоноо жана карактоо менен алектенген топту кармашты. Кармалган жарандар Нарын облусунун тургундары 1995-жылы туулган К. уулу Б. менен 1988-жылы туулган Д.Ж. Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Кылмышка тиешеси бар башка дагы жаранды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.