Ошто унаасын жылытып турууну көздөп, от алдырган боюнча таштап кеткен айдоочу унаасын уурдатты

Унаасын жылытып турууну көздөп, от алдырган боюнча таштап кеткен айдоочу унаасын уурдатты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургуну 14-январда эртең мененки саат 08:30 чамасында өзүнө караштуу Деу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаасынын кыймылдаткычын ысып туруусу үчүн от алдырып үйүнө кирип кетип, кайра аз убакыттан кийин эле таппай калган. Унааны тез арада табуу максатында Ош шаарынын аймагына атайын операция киргизилген. Натыйжада аталган унаа тууралуу маалымат алынып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында Ош-Бишкек багыты боюнча бара жаткан учурда кармалды.
Унааны айдай качкан жаран деп шектелип, 1963-жылы туулган, мурда бир нече ирет соттолгон Т.К. аттуу жаран кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolotbek9191
2021-01-14 17:10:08
Жакшы табылыптыр запчасть боло электе
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан