"Өздөрүн бензин менен өрттөп, өмүрүнө кол саларын айтышты". Нарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар наарызычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 14-январда Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар нааразычылык акциясын өткөрүштү. Анда алар талаптары аткарылбаса өздөрүн бензин менен өрттөө аркылуу өмүрүнө кол салышарын айтышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган үйдү муниципалдык менчиктен чыгарып, жеке менчикке өткөрүп берүүнү талап кылышты.

"Нарындагы "Нарын кайып майыптар коомунун жетекчиси А.З. жана "Үмүт кутман" майыптар коомунун жетекчиси А.Ж. баш болгон 1-2 категориядагы майыптар үчүн салынган Нарын шаарындагы үйдүн тургундары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, асырап алуучулары болуп 10го чукул адам өкмөттүн Нарын облусунундагы өкүлчүлүгүнүн алдына топтолушту. Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган үйдү муниципалдык менчиктен чыгарып, жеке менчикке өткөрүп берүүнү талап кылышты.

Аталган акциянын жүрүшүндө нааразы тарап, плакаттарды көтөрүп, талаптар аткарылбаса, өздөрүн бензин менен өрттөп, өмүрүнө кол саларын айтышты.

Бул аракеттерге, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого тартылган Нарын ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жол берилген жок", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mustafo
2021-01-14 21:39:48
Ушинтип эле өз билгенибизди кыла берсек кантип өнүгүп өсөбүз , мыйзамга тайанып жашабайлыбы
+7
Shabi
2021-01-14 22:01:15
Бизге алтындан таажы кийген президент келсе да онукпойбуз,
Себеби:Эл озубуздун ичибиз тар,алкымыбыз чон,коро албас элбиз.Эмнеге менчике чыгышы керек?Алардан башка мумкунчулугу чектелген адамдар жокпу?Олгондо коруно ала кетеби.Козунун тируусундо устундо мамлекет тарабынан берилген чатыры бар экенине суйунушпойбу.Коруно ала кетпегенден кийин,Алардан козу откондон,даагы да ошондой мумкунчулугу чектелген жарандар жашаса жаманбы,соссуз менчике чыгарыш керекпи эми.уят да негизи
+5
Aky12
2021-01-14 22:20:28
6 млн адам ар ким озуно жакканын кыла берсе, жакында онукпой эле, жоголобуз го
+4
nazira...
2021-01-14 22:55:59
Алар да бала чакасын ойлоду да. Өлсө балдары үйү жок калабы. Бирок коркутуп өзүн өрттөйм дегендери туура эмес, акылсыздык. Андай нерседен алыс болушубуз керек. Өзбөктөр урушканда үйүнө өрт коем деп урушушаар эле 2010-жылы үйлөрү орттөнгөндөн кийин айтпай калышкан. Этият кылалы, сабыр бааоыбызга. Сабыр кылалы менчик да болот, баарыбыз үйлүү болобуз буюрса.
+3
nurbek56
2021-01-15 01:26:42
Кудай деп эле жашай берсенер болот биз убактылуу жашаганга Уй таппай журсок булардын кылганын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан