"Жансыз денени баштыкка салып бара жатканы видеого түшүп калган". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды (видео)

11-январь күнү саат 08:40 чамасында, 102 кызматына Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабатуу үйдүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 60 жаш чамасындагы адам киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жансыз дене башка жактан алынып келингени белгилүү болгон. Кылмышка шектелип 47 жаштагы М.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.

"Сурак учурунда кармалган адам Дамир аттуу жаран менен таанышып, анын үйүнө дагы бир таанышы менен конокко барганын, ал жакта бир нече күн спирттик ичимдиктерди ичишкенин, мастыктан ортодо жаңжал чыгып, шектүү Дамир аттуу жаранды сабап салганын жана алган жаратынан улам ал каза болуп калганын айтып берди. Кылмыш ишинин жоопкерчилигинен корккон шектүү өлүктү баштыкка салып, Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына таштап салган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда каза болгон адамдын аты-жөнүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Жансыз денени баштыкка салып бара жатканы видеого түшүп калган". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aliza_96
2021-01-14 22:22:28
Адамды олтуруу итти олтургончолук да бааланбай калды го, кундо кундо киши олтуруу. Окуй берип конуп деле калдык... Кудайым ай, эмне эле болуп баратыбыз
+4
aiba_00
2021-01-15 15:35:40
Эси ооп калды го которуп келатып, эчтеке болбогондой устуно отуруп алып эс алганын кантесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан