Бишкектин Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек милициясынын ички иликтөөлөр бөлүмү менен биргеликте колго түшүргөн. Шектелип кармалган кызматкер кенже лейтенант, шаардык милициянын тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Ал 20 миң сом пара талап кылган деп айтылууда.