Бишкек-Торугарт унаа жолунда кечээ эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-январь күнү саат 13:00 чамасында болгон. Анда Ысык-Көл облусуна бара жаткан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу карама каршы тилкеге чыгып, Мерседес унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада эки адам каза болуп, бир адам жаракат алган.
Жеринде тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмгө өткөрүлүп берилген.