"Нефтчи" командасынын белгилүү чабуулчусу Оштун "Алай" клубуна өттү

Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубунун белгилүү чабуулчусу Элдар Молдожунусов Оштун "Алай" футболдук клубуна өттү. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына "Алай" клубунун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Элдар Молдожунусов менен "Алай" клубу бир жылдык келишимге кол койгон. Клуб бүгүн, 15-январда машыгууларын баштайт.

Мындан тышкары, басма сөз кызматкери жакынкы күндөрү "Алай" клубу дагы бир топ оюнчулар менен келишим түзүлөрүн айтты.

2020-жылдагы сезондо Элдар Молдожунусов "Нефтчи" командасынын курамында 6 гол жарата алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан