Чүй ОИИББи: "Тажикстандын 3 жараны Пакистандыктардын 40 миң долларын карактап качып бара жаткан жеринен кармалышты"

Чүй облустук милициясы күч колдонуп, Пакистандын жаранынын 40 миң доллар акчасын карактап алган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"2021-жылдын 13-январь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы "Сосновка" стационардык постунда саат 22:00 чамасында Мерседес унаасына "перехват" планын жарыяланган. Себеби Тажикстандын жарандары күч колдонуп, Пакистан жарандарынын 40 миң доллар акчасын карактап, андан кийин күмүш түстөгү Мерседес унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Жогорудагы маалыматты алган "Сосновка" постунун нөөмөттүк инспекторлору жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын документтерин текшерүү учурунда күмүш түстөгү Мерседес унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшерип жатканда бир нерсеге тынчсызданып жатканы байкалган. Текшерүү учурунда кызматкерлер унаадагылар бир жакка шашып же качып баратканын түшүнүшкөн.

Ыкчам-топ аталган жерге келип, шектүүлөрдү кармашкан. Аларга тинтүү жүргүзгөндө чоң суммадагы акча табылган. Сурамжылоо жүргүзүү учурунда Тажикстан Республикасынын жарандары бул ири сумманын кандай алышканын түшүндүрө алышкан эмес. Тажикстандын үч жараны тең кармалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
prorab
2021-01-15 10:43:32
Жазасын алышсын айбандар, соттолушсун.
+4
Raihan0602
2021-01-15 10:57:22
Түрү суук немелер экен
+4
-ali
2021-01-15 11:23:35
Атып салсын
+4
bekbol2006
2021-01-15 11:47:08
Конок койдон жоош дечу эле, чет элдик бандиттер коридор кылып алганго Ала-Тоону
+3
Azat-123
2021-01-15 14:58:32
Башка жактын маймылдары Калаабызда каалагандай калчап тоноп жүрүшсө, анда мен такыр оозумду жаптым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан