Чүй облусунун Кемин районунда жабылып калган үйдөн аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январь күнү саат 11:20да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кемин шаарынын Исраилов көчөсүндө жайгашкан №26 турак үйүнүн жабылып калган эшигин ачышкан. Бөлмөнүн ичинен 1933-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.