УКМК тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгынын кызматкери жеке компаниянын өкүлдөрүнөн 5 миң долларга чейин пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында уруксат кагаздарын жана лицензияларды алууда жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5 миң долларга чейин пара берүүгө мажбурлашкан.
2021-жылдын 14-январында көрүлгөн чаралардын натыйжасында кезектеги акчалай сыйлыкты алгандан кийин аталган мамлекеттик мекеменин улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Азыркы учурда бул ишке башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.